20:10
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Президент экс-депутат Жылдызкан Жолдошовага жооп берди

Кечээ күнү Кара-Суу районунан шайланып келген Жылдызкан Жолдошова азыркы башкаруу формасын сындап, Кыргызстанга президенттик-парламенттик башкаруу керек экенин айткан.

Буга мамлекет башчысы Садыр Жапаров каршы пикирин билдирди.

«Парламенттик дагы, президенттик-парламенттик башкарууну дагы көрдүк. Жыргап кеткен жокпуз. Акыркы он жылда үч баштуу бийлик болду. Парламент «монстрга» айланып, өкмөт, президент өзүнчө болуп алды. Эч бир маселе чечпей, бири-бирине шылтап отура беришкен. 3 жылдан бери кабыл алынбай, чаң баскан кагаздар бар экен. Жоопкерчиликтен качып түртө беришкен. Азыр болсо, бир саат ичинде токтомдор кабыл алынат. Ошону үчүн жолдор, мектептер салынып, армия күчтөнүп жатат. Балким, мурдагы президенттерге деле жоопкерчиликти илип койсок, качпайт беле, деген ой кетет», — деди президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле, ал «Камбар-Ата-1» долбоору боюнча дагы жооп берди.

Делегат Жылдызкан Жолдошова кечээ күнү ГЭСти кошуналар менен чогуу салсак, өлкө эгемендүүлүгүнө шек келерин айткан.

«Эмнеге кошуна өлкөлөр менен салбашыбыз керек? Суу бизде турат, территория биздики. Жалгыз салсак, анда 5-6 миллиард сомду биз эле салган болобуз. Өмүр бою суу берип келе жатабыз, дагы жүз жыл бою беребиз. Андан көрө алар дагы акча салышсын, сууну бекер албай, эмгек кылып албайбы. Биз сууну бууп жата бербейбиз да, аккан суу ага берет. Ушундай сөздөрдү айтаардан мурда, ойлонсоңуздар! Жеке кызыкчылыкка кирип кетпей, мамлекеттин кызыкчылыгы болуп жаткан жерде элди адаштырбаш керек», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар