12:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жарандык коом президенттен Надира Нарматованын демилгесин четке кагууну суранат

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын мыйзам чыгаруу демилгеси жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздандырууда. Бул тууралуу алардын президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Акыйкатчыга кайрылуусунда айтылат.

Белгией кетсек, Надира Нарматованын демилгеси менен 2022-жылдын 21-ноябрында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарылды. Депутат буга чейин дагы бул маселени көтөрүп, 2014-жылдын 26-майында депуататтар Бакир уулу Турсунбай, Мадалиев Нуркамил менен биргеликте «чет элдик агент» түшүнүгүн киргизүү аракетин көргөн.

«Коомдук талкууга кайрадан киргизилген мыйзам долбоору да негизги демократиялык принциптерге каршы келген басмырлоочу ченемдерди камтыйт жана ал кабыл алынган учурда коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ), анын ичинде Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин олуттуу чектейт», — дейт жарандык коом.

Мыйзам долбоору бардык КЭУлар үчүн оор талаптарды коюуну сунуштайт:

1) «чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюм» деген түшүнүктү киргизүү сунушталат, мында бул түшүнүккө өзүнүн уставдык максаттарына жетүү үчүн чет өлкөлүк булактардан киреше алган кайсы болбосун коммерциялык эмес уюм кирет. Демократиялык өлкөлөрдө «чет өлкөлүк агент» деген түшүнүк да бар, бирок сунушталган түшүнүктөн айырмаланып, чет өлкөлүк агенттин негизги белгиси болуп ортомчулук кызмат көрсөтүүлөр (агент менен принципиалдын өз ара мамилеси) саналат, башкача айтканда чет өлкөлүк агент принципиалдын кызыкчылыгында гана аракеттенет, мында чет өлкөлүк агент катары кайсы болбосун жак (жеке жана/же юридикалык жактар (көбүнчө коммерциялык уюмдар) чыга алат. КЭУну чет өлкөлүк каржылоо мыйзам долбоорундагыдай «чет өлкөлүк агент (өкүл)» түшүнүгүнүн аныктоочу белгиси болбошу керек, болбосо КЭУнун киреше булактарына негизсиз жана өлчөмсүз чектөө коюлат. Эгерде мыйзам долбоорунун максаты чет мамлекеттердин жана айрым адамдардын кызыкчылыктарында аракеттенген жактарды аныктоо болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн түшүнүк коммерциялык эмес уюмдарга гана эмес, коммерциялык жана жеке жактарга да тиешелүү болушу керек, болбосо КЭУлар үчүн мындай чектөө максатка ылайыксыз болуп саналат.

«Чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюм» деген түшүнүктүн дагы бир белгиси болуп Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүчү саясий ишмердик болуп саналат. Ошондой эле мыйзам долбоорунда саясий ишмердүүлүк түшүнүгү баяндалган — эгерде КЭУнун уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге карабастан, ал мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди калыптандырууга багытталган чечимдерди кабыл алууга таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса (анын ичинде каржылоо жолу менен), КЭУ саясий ишке катышуучу деп таанылат. Бирок, мындай аныктама «саясий ишмердик» түшүнүгүнө ылайык келбейт, анткени саясий ишмердик — бул бийликтеги мамлекеттин иштерин башкарууга катышууга багытталган саясий эркти жүзөгө ашыруу боюнча иш. КЭУлар бийликтеги мамлекеттин иштерин башкарууга умтулбагандыктан, саясий ишмердикти жүзөгө ашырышпайт. Ал эми «Мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө багытталган чечимдерди кабыл алууга таасир этүү максатында саясий акцияларды өткөрүү, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди калыптандыруу» аныктамасы «Коомдук саясат» түшүнүгүнө ылайык келет.

Жогоруда көрсөтүлгөн түшүнүктөрдү алмаштыруу менен депутаттар биздин Конституцияда кепилденген чечимдерди кабыл алуу процессине катышу укугубузду чектөөгө аракет кылып жатышат.

Башкача айтканда биздин демилгечилер эгерде аларды депутат, Президент кылып шайласа, анда бардык жарандар чечим кабыл алууга эч кандай катыша албайт, эс алып, башкарууга ыраазы болушу керек деп эсептешет.

Жарандардын мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусу мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы кабыл алынган жана таанылган формасы болуп саналат. КР Конституциясында белгиленгендей, биздин өлкө — социалдык мамлекет, анын саясаты адамдын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган. КЭУнун иш-аракеттери мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө эмес, натыйжалуу болушуна багытталган жана эгерде алар мыйзамда жол берилген формаларда жүргүзүшсө, аларды басмырлоого болбойт. Жарандык коомдун жалпысынан саясий системага оң таасири таанылган.

Коомдук саясат — бул конкреттүү коомдук кызыкчылыктарды илгерилетүү жана коргоо максатында уюшкан жарандардын мамлекетке жана коомго бийликти талап кылуучу активдүү таасири эмес. КЭУнун функцияларынын бири болуп коомдук пикирди калыптандыруу жана мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты жакшыртууга таасир этүү саналат жана бул КЭУну чет өлкөлүк өкүл катары каттоо үчүн негиздердин бири болуп саналбайт, анткени жогоруда чет өлкөлүк өкүлдөр чет өлкөлөрдүн же айрым адамдардын кызыкчылыктарында гана аракеттенет, ал эми КЭУ коомдук саясатты жүзөгө ашыруу менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарында гана иштейт деп баяндалган.

2) жарым жылда бир жолу ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жана жетекчи органдардын жеке курамы жөнүндө, квартал сайын акча каражаттарын сарптоонун жана башка мүлктү пайдалануунун максаттары жөнүндө отчетторду берүү, жыл сайын аудитордук корутунду боюнча;

3) чет өлкөлүк булактардан каржыланган КЭУларды «чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткаруучу КЭУлар» катары кемсинтүүчү каттоого мажбурлоо боюнча;

4) алардын жыл сайын кымбат баалуу финансылык аудиттен өтүшү боюнча;

5) жогоруда аталган отчетторду ММКда же «Интернет» тармагына жарым жылда бир жолу жарыялоо боюнча, бул дагы көп каражаттарды талап кылат.

Мыйзам долбоору менен ошондой эле Юстиция министрлигине КЭУнун ички иштерине кийлигишүүгө кеңири ыйгарым укук берүүнү сунушталат, атап айтканда:

1) КЭУнун иши анын уставдык максаттарына ылайык келерин же келберин өз каалоосу боюнча аныктоо (бул КЭУнун өзүнүн жогорку башкаруу органынын гана ыйгарым укугу болууга тийиш);

2) КЭУнун башкаруу органдарынан алардын тескөөчү документтерин сурап алуу;

3) КЭУнун финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды суроо жана алуу;

4) өз өкүлдөрүн КЭУ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу үчүн жиберүү;

5) чет өлкөлүк КЭУлардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө тигил же бул жергиликтүү КЭУну белгилүү программалар боюнча каржылоого тыюу салуу (мында программаларды аныктоо боюнча критерийлер жазылган эмес);

6) эгерде КЭУ аны КЭУ катары каттоо жөнүндө арыз бербесе, КЭУнун ишин 6 айга чейинки мөөнөткө токтото туруу. Эгерде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун түзүмдүк бөлүмү мыйзам долбооруна ылайык маалымат бербесе жана анын иши билдирилген максаттарга ылайык келбесе, анда каттоочу орган мындай чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик РЕЕСТРден алып салууга укуктуу.

7) ошондой эле бирикмени түзүү үчүн иши жарандарга зомбулук көрсөтүү же алардын ден соолугуна зыян келтирүү, же болбосо жарандарды өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга үндөө, башка укукка каршы жосундарды жасоо, анын ичинде мындай бирикмеге жетекчилик кылуу 50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки өлчөмдө айыппул салуу же 5 жылга эркинен ажыратуу менен коштолгон КР Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүүнү сунуштап жатышат. Ал эми мындай бирикменин ишине активдүү катышуу, ошого тете жогоруда көрсөтүлгөн жосундарды пропагандалоо 100 000ден 200 000ге чейинки өлчөмдөгү айыппул же 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Мындай редакция менен жосунду квалификациялоо өтө кыйын, кайсы аракеттер кылмыш жасоо болуп саналат? КР КЖКнын 130 жана 131-беренелери ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын аныктайт жана оордук даражасы болгондо гана кылмыш жоопкерчилиги башталат, калган учурларда ден соолукка келтирилген зыяндын орду КР Жарандык кодексинин 51-главасына ылайык толтурулат, бул ченем эч кандай даражаны аныктабайт. Ошондой эле диспозиция башка укукка каршы жосундарды жасоону камтыйт, ар кандай мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде ар кандай укук бузууларды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги жана айып пул түрүндө жаза же 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган, ал эми бирикменин ишине же пропагандасына активдүү катышкан учурда айып пул же 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерди оордук даражасы боюнча киши өлтүрүүгө теңейт (КР КЖКнын 122-беренеси, санкция: 8 жылдан 12 жылга чейин), мында зордуктоо үчүн 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган (ст. 154), ал эми олуттуу зыян келтирген кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган, ал эми жосун пайда алуу максатында жасалган болсо, анда санкция 2 жылдан 5 жылга чейин болот (КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси).

Ушуну менен мыйзам долбоору ашыкча бюрократияны, коммерциялык эмес уюмдар үчүн тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратат, алар коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салууда параллелдүү колдонулбайт. ЕККУ/ДИАУБ жана Венеция комиссиясы тарабынан 2015-жылы иштелип чыккан Бирикмелердин эркиндигин чектөө боюнча принциптерге ылайык кайрымдуулук же коомдук-пайдалуу уюмдун атайын статусуна ээ болбогон, аларга белгилүү бир жеңилдиктерге укук берген КЭУлардын ишин укуктук жөнгө салуу коммерциялык уюмдардын ишин укуктук жөнгө салууга окшош болууга тийиш.

Биздин көз карашыбыз боюнча коом жана мамлекеттик органдар өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жаткан Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдарынын ишинин маанилүүлүгүн жана масштабын толук түшүнө элек. Алар мамлекет жана рыноктук институттар тийиштүү деңгээлде аткара албаган функцияларды аткарышат, ошону менен коомдогу социалдык чыңалууну төмөндөтүшөт.

Мыйзам долбоорунун көптөгөн жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, адамдын биригүү эркиндигине болгон укугун бекемдеген негизги демократиялык принциптерге, ошондой эле мамлекет өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге карама-каршы келет.

Мыйзам долбоору «КЭУлар үчүн чет өлкөлүк жардам — бул Кыргызстанга коркунуч туудурган туруксуздаштыруучу күч» деген идея менен жетектелет. Бирок, Кыргызстанга чет өлкөлүк жардамдын эң чоң бөлүгү мамлекеттик органдар аркылуу берилет, ал эми чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар жардамдын олуттуу бөлүгүн коммерциялык секторго көрсөтүшөт. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын КЭУ секторуна гана чет өлкөлүк жардам көрсөтүүдөн улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү деп көрүү адилетсиздик.

Демократиялык каада-салттары калыптанган бардык өлкөлөрдө уюмдар (анын ичинде КЭУ) чет өлкөлүк каржылоону ала алышат жана аны ар кандай иш-аракеттер үчүн пайдалана алышат: мыйзамдык реформаларды илгерилетүү, ар кандай маселелер боюнча мамлекеттин саясатына каршы чыгуу, шайлоого байкоочулар катары катышуу же тигил же бул чөйрөдө саясатты иштеп чыгууда мамлекетке жардам берүү ж.б.

Демократиялык өлкөлөрдө чет өлкөлүк каржылоо маселелеринде айрым чектөөлөр уюмдардын кууш топторуна (мисалы, саясий партияларга) жана так аныкталган ишмердикке (мисалы, мамлекеттик органдарга талапкерлерди колдоо үчүн шайлоо кампанияларын каржылоо) байланыштуу болот. Жарандардын мындай чектөөлөрү жана жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да белгиленген.

Албетте, Кыргызстан улуттук коопсуздукка жана эгемендүүлүккө коркунучтарды болтурбоо боюнча чараларды көрүшү керек. Бирок, Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында жарандык коомдун Кыргызстанга зыян келтирүү үчүн колдонуунун бир да фактысы болбогондугун эске алуу менен КЭУну бул коркунучтун өзгөчө булагы катары кароо жаңылыш пикир жана максатка ылайыксыз болуп саналат.

Улуттук коопсуздукка жана эгемендүүлүккө коркунуч ар кандай адамдардан, анын ичинде жеке жактардан жана коммерциялык уюмдардан келип чыгышы мүмкүн, бирок коммерциялык уюмдарга карата мындай чектөө жок.

Биз улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган уюмдар бюрократиялык тоскоолдуктарды жана коммерциялык эмес уюмдарды тоталдык текшерүү жолу менен эмес, тигил же бул уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча аныкталууга тийиш экендигине бекем ишенебиз.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Кыргызстан жарандык коом Парламентке, Президентке жана Өкмөткө жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча негизги миссиясын жүзөгө ашырууда көмөк көрсөткөн, адамдын фундаменталдык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо маселелери боюнча Борбордук Азиядагы жана КМШдагы эң прогрессивдүү өлкөлөрдүн бири катары ээ болгон кадыр-баркын жоготту. Мыйзам долбоорунун жоболору Кыргызстандын ансыз деле туруксуз абалын начарлатып, адам ресурстарын өнүктүрүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, демократиялык мамлекет катары туруктуу позицияларды колдоо үчүн өз жарандарынын жана эл аралык коомчулуктун колдоосунан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн алсыратып жатат.

Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигинин эркиндигин чектөө өлкөнүн өнүгүүсүнө эч кандай салым кошпойт деп ишенебиз. Мыйзам долбоорун кабыл алуу көпчүлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин токтотууга алып келет, калктын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирет, ошондой эле Кыргызстандын демократиялык өлкө катары эл аралык аренадагы беделине доо кетирет.

Мыйзам долбоорунун басмырлоочу мүнөзүн, анын Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келүүсүн, ошондой эле ал кабыл алынган учурда коом үчүн терс кесепеттерин эске алып, өзүбүздүн жоопкерчилигибизди аңдап-түшүнүү менен

БИЗ СИЗГЕ ЧАКЫРУУ МЕНЕН КАЙРЫЛАБЫЗ:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатары, депутат Нарматова Надира тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун четке кагууга;
  • Кыргыз Республикасынын Президенти, негизги адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга.
  • Кыргыз Республикасынын Омбудсмени Кыргыз Республикасында адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүү үчүн

Урматтоо менен:

  1. Эркина Убышева, «Смарт Жаран » Ассоциациясы
  2. Мира Итикеева , «Балдарды коргоо борбору» КБ
  3. Гулшайыр Абдирасулова , " Кылым Шамы«
  4. Тажикан Шабданова , «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду
  5. Эркайым Мамбеталиева , «Борбордук Азиянын Коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну изилдөө институту»
  6. Азиза Абдирасулова , укук коргоочу
  7. Труханова Ольга, «Биринчи балдар хосписи» ККФ
  8. Сардар Багишбеков , Кылмыш-жаза процессинде адам укуктарын коргоо ассоциациясы «Article-9»
  9. Динара Ошурахунова , укук коргоочу
  10. Асел Койлубаева , «Адам укуктары үчүн юристтер» КФ
  11. Айзат Русланова, «Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүү дебат ассоциациясы» КФ
  12. Гүлнара Ускенбаева , «Ачык өкмөт» форумунун мүчөсү
  13. Ильяна Жедигерова , «Партнер групп» Прецедент" коомдук бирикмеси
  14. Гулгакы Мамасалиева , МК " Интербилим " филиалы, Ош
  15. Чынара АЙТБАЕВА, «Наш век» коомдук фонду
  16. Бүбүсара Рыскулова, " Сезим " кризистик борбору
  17. Аляева Динара, «Жардам берүү оңой» КФ
  18. Эдир Бова , «Таза Шайлоо » ассоциациясы
  19. Айдар Мамбетов, «Жарандык катышуу» коомдук фонду
  20. Аида Сүйүндүева , «Жалпы Иш» КФ
  21. Чолпон Омурканова , ОФ Эгл
  22. Галина Чиркина, «Репродуктивдүү ден соолук үчүн альянс» КБ
  23. Ольга Джанаева , " Алга" КБ
  24. Таттибубу Эргешбаева , «KG юристтер коому » КФ
  25. Назгүл Турдубекова, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» КФ
  26. Гүлмира Абдыразакова, Бейтаптар коомунун бирикмеси
  27. Зейнеп Эшмуратова, «Калктын аялуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору» КФсы колдоо көрсөтөт.
  28. Нургүл Абдыкеримова, «Өнүгүү борбору» КФ
  29. Гүлмира Казакунова, «Теңдик» майыптар союзу
  30. Айжан Мусаева, Аймактарды изилдөө жана өнүктүрүү борбору мекемеси
  31. Светлана Халбаева «Күн нуру» КФ
  32. Ахматов Абдумалик, «Тенир-тоо» КБ
  33. Антонина Ли, «Шоола Кол» КБ
  34. Айдар Мамбетов, КФ «Жарандык Жигердештирүү»

Кол топтоо уланууда....

Эң көп окулган жаңылыктар