18:33
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жыл сайын 5-10 пайызга өсүүдө

Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу жыл сайын 5-10 пайызга жогорулап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.

Анын айтымында, бул убакыт аралыгында электр энергиясын өндүрүү кичи ГЭСтердин эсебинен 60 мегаваттка гана өскөн.

«Азыр Токтогул ГЭСи 240 мегаватт, Камбар-Ата ГЭСи 120 мегаватт кубаттулукта иштейт. Бала-Сарууну келерки жылы ишке киргизүүнү пландап жатабыз, анын 25 мегаватт кубаттуулугу бар», -деди чиновник.

Анын айтымында, Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын куруу пландалууда.

«Акыркы болуп өткөн окуялардан соң Баткенге барып, элдин муктаждыктарын байкадым. Инвесторлордун Лейлекке 100 мегаватт кубаттуулуктагы күн станцияларын куруусун сунуштайм», — деди министрдин орун басары.

Эң көп окулган жаңылыктар