12:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сокулукта мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Сокулукта мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБне арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып, 10-октябрда Сокулук районунун Фрунзе айылындагы үйүнөн белгисиз жарандар баасы 240 миң сом турган сүт багытындагы асыл тукум уюн уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 31 жаштагы А.Д. кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар