06:07
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды

Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренесинин 2-бөлүмү (жалган ишкерлик) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар