12:42
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Кыргызстандан Россияга которулган акчанын саны өсүүдө

2021-жылга салыштырмалуу Кыргызстандан Россияга акча которуулардын саны 1,8 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8 айында Россияга 572, 24 миллион доллар которулду.

Акыркы эки айда эң көп акча (230,2 миллион доллар) чыгарылганы белгиленет.

Август айында Кыргызстандан Россияга 120,6 миллион доллар которулган. Бул 2005-жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Россиядан Кыргызстанга 1 миллиард 830 миллион доллар которулган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар