18:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сокулукта электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облустундагы электр тармактарындагы коррупциялык элементтерге бөгөт коюунун алкагында, 2022-жылдын 7-октябрында Сокулукрайондук электр тармагынын(РЭТ) участкасынынбашчысыБ.Э.О. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди..

Маалыматка ылайык, А.А.С.аттуу жаран Сокулукрайондук электр тармагынын дарегине, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, жогорудагы маселени чечүү үчүн А.А.С. аттуу аталган жарандан опузалап 20 миң сомакча каражатын талап кылышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган жабырлануучу тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-октябрында Сокулук районунун аймагынан, Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О.20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар