01:05
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процесси аяктады

«Бизге кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жыйынтыктоо боюнча тарыхый миссия туш келди. Бул бир чети сыймык болсо, бир чети чоң жоопкерчилик. Бүгүнкү биргелешкен кеңешменин жыйынтыгы боюнча биз жакынкы арада президент тарабынан Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери жөнүндө келишимдин долбоорун кол коюуга даярдайбыз деп ишенем», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан жакын коңшулар, чыныгы достор жана стратегиялык өнөктөштөр. Эки өлкө менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, аймактар аралык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө толук даяр», — деди Камчыбек Ташиев.

Өз кезегинде Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов өзбек тараптын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун макулдашууга толук түрдө чечкиндүүлүгүн ырастады.

«Эки республиканын өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин макулдашуу боюнча тыкыр иш алып барышты. Делимитациялоо процессинин аякташы биздин түбөлүк достугубуздун жана чыныгы бир туугандык мамилелерибиздин бузулбастыгын дагы бир жолу тастыктайт деп ишенем», — деди Абдулла Арипов.

Эң көп окулган жаңылыктар