Бүгүн, 19-сентябрда саат 12:30да президент Садыр Жапаров түз эфирде кайрылуу жасайт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбеков билдирди.
Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда көрсөтүлөт.