Бүгүн Баткен облусунан дагы бир топ жарандар Ош шаарына келишти. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Венера Рыскулова баштаган мэриянын тиешелүү адистери, психологдор, медицина жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ош шаарынын аэропортунан эвакуацияланган жарандарды тосуп алышты.
Убактылуу борборлорго жайгаштырылгандан кийин бардык эвакуацияланган жарандарга ысык тамак берилип, психологиялык жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлдү.
Алардын бардык муктаждыктары эске алынып, керектүү гигиеналык каражаттар, самын жана жуучу каражаттар менен камсыздалат.
Бул иштерге шаардын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги колдоо көрсөтүүдө.
Ош шаарында Баткен облусунун эвакуацияланган жарандарын убактылуу жайгаштыруу үчүн шаардын жогорку жана орто атайын окуу жайларындагы 17 жатаканада 1890 орун, шаардык медреселерде 130 орун уюштурулган. Азыркы саатта түштүк борбордо эвакуацияланган 392 тургун жайгаштырылды.

