09:23
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 11 адам жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан саат 10:00гө карата 11 адам жабыркап, Баткен облустук бириктирилген ооруканасына түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору билдирди.

Жабыркагандардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк айтылат.

Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өттү. Стационарларда жетиштүү көлөмдө кан, дары-дармек жана медициналык жабдуулар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар