04:18
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Жубайын ѳлѳѳрчѳ сабаган Ысык-Атанын тургуну кармалды

Ысык-Ата районунда адам өмүрүн кыйган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маадыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине 2022-жылдын 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, залалдын оордугунан каза болгону жөнүндө маалымат келген.

Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБтин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде («Адам өлтүрүү») көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган, өлгөн жарандын күйөсү 1982-жылы туулган К.М. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйдө арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабап, өлүмгө алып келген залал келтирген.

Шектүү жаран К.М. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар