04:43
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Алтын куйма кармап түшкөн Садыр Жапаровдун бир тууганы. Сүрөт талкуу жаратты

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев президенттин бир тууганынын соцтармакта тараган сүрөтүнө түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, интернетке өлкө башчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын куйма кармап турган сүрөтү тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбукта бул сүрөт 2016-2017-жылдары тартылганын айтып, азыркы иштерге тиешеси жок экенин билдирди.

Соцтармактын колдонуучулары сүрөттөгү адамдардын беткапчан экенин айтып, 2016-2017-жылдары беткап тагынуу эрежеси болбогонун жазып чыгышты.

Султанбаев бир сааттан кийин сүрөттүн тартылган жылы боюнча туура эмес жазып алганын айтты.

«Урматтуу достор! Бул сүрөт эски, бул анык. Бирок жылдары боюнча туура эмес жазып алыптырмын. Сүрөттүн таржымалы боюнча кененирээк маалымат берилет», — деп жазды ал.

«ПолитКлиника» медиасы бул сүрөт каякта, качан тартылганын ачык булактардан текшерип көрдү.

Алтын куймаларындагы логотип менен беткапчан адам кийип турган жилетке түшүрүлгөн логотип окшош экенин байкоого болот. Бул логотип Түркиядагы металл иштетүүчү Ahlatcı Metal Rafineri ишканасынын логотибине окшош экенин көрүүгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар