05:50
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Салык кызматы быйыл 31,9 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы январь-август айларында 31 млрд 952,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бекитилген план 712,9 млн сомго же 2,3 пайызга ашыгы менен аткарылды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 7 млрд 221,9 млн сомго көп чогултулду.

Эң көп окулган жаңылыктар