18:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Боомдогу селдин кесепетинен Бишкек — Балыкчы поезди убактылуу жүрбөйт

Республика ичиндеги Бишкек — Балыкчы каттамы убактылуу токтотулду, каттамды жандандыруу боюнча кошумча маалымдалат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Боом капчыгайында орун алган селге байланыштуу Бишкек-2 — Балыкчы каттамын 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган.

Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Каттам кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар