19:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбек бийлиги мигранттарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырды

Өзбекстандын Тышкы миграция боюнча агенттиги өзбек мигранттарын Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырды.

«Айрым маалымат каналдары Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарын Орусияга айлыгы жогору жумуштарга чакырган жарыяларды таратып жатышат. Ал жарыялардын негизги максаты — жарандарды Украинадагы согушка тартуу. Буга байланыштуу мекендештерди чет өлкөлөрдө жумуш сунуштаган бейрасмий жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Агенттик акча табуу же башка жеке кызыкчылыктар үчүн чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышуулар менен согуштук аракеттерге катышуу үчүн Өзбекстанда кылмыш жоопкерчилиги каралганын, күнөөлүү деп табылгандар беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратыла турганын эскертти.

Буга чейин журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн «МедиаХаб» коомдук фонду Орусиянын «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары Украинадагы согушка тартылып жатканын аныктап чыккан.

Алар интернетке жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыя чыгарып, иш издегендерге жакшы айлык акы убадалашкан. Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышкан учурда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунушташкан.

Кат аркылуу сүйлөшүүдө уюм Орусиянын Коргоо министрлигинин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын билдиришкен. Жарыянын ээлери кайрылгандарды Краснодар аймагынын Молькино айылына барууга чакырат. Андан ары иш издегендер Украинага аскерий операцияларга катышуу үчүн жөнөтүлөт. Аскерий даярдык талап кылынбай турганы, жада калса соттолгон адамдарды да ала беришери көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар