08:06
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Мектепти 5 жылдан ашык жетектеген директорлор кызматтан алынат

Мектепти 5 жылдан ашык жетектеген директорлор кызматтан алынат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта айтылат.

Ага ылайык  жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынак менен тандалат. Алар беш жылга гана дайындалат. 

Белгилей кетсек, азыр иштеп жаткан директорлор дагы кайра кызмат ордуна ат салыша алышат. 

Сынактын жол-жобосун Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыгат. 



Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума