Быйыл 1 миң 200 окуучунун лагерде эс алуусу пландаштырылууда. Бул тууралууБилим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жайкы каникулдун биринчи агымында борбордон жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 300 окуучу эс алат.
Жайкы каникул мезгилинде калктын социалдык аялуу катмарынын балдарынын арасынан башталгыч кесиптик билим берүү системасынын окуучулары үчүн эс алуу уюштурулат. Төрт агымда 1200гө жакын окуучу эс алып, ден соолуктарын чыңдайт деп пландалууда.

