07:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Үркүн окуяларына карата эскерүү жүрүшү өткөрүлөт

Август айында 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшү өтөт. Бул тууралуу «Эсимде» изилдөө аянтчасы билдирди.

Жүрүш алкагында 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына зыярат кылынат.

«Иш-чаранын маршурту Чуй өрөөнунөн башталып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей жээктерин камтып, Сырттын ашууларына чейин уланат. Эскерүү жүрүшүү максималдуу түрдө 1916-жылдагы Үркүн жолдорун камтыйт. Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу.
Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө», — дейт «Эсимде».