11:54
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бишкектеги электр унааларынын жүрүшү: биз таза шаарды тандайбыз!

Бүгүн, биринчи жолу шаар күнүнө карата борбор калаада электромобилдердин жана экомотоциклдердин жүрүшү өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экологиялык таза автоунаалардын колоннасы «Ден-соолук» сейил багынын түндүк тарабы, Гшлессера көчөсүнөн жүрүштү баштадык. Биз Чыңгыз йтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, «Ден-соолук» сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтып келдик.

Жүрүштү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жетектеди.

Шаардыктардын, айдоочулардын коопсуздугу үчүн колоннаны Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмүнүн 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрдү.

Белгилей кетсек, жүрүш Кыргызстандагы электр транспортун, тактап айтканда экомотоцикл идеясын жайылтуучу Ecobike, электр транспорт салонунун колдоосу менен өттү.

Баса, 28-апрелге карата «УНАА» Мамлекеттик каттоо кызматынын реестринде 203 электромобил катталган, анын 150сү Бишкек шаарында.

Эң көп окулган жаңылыктар