USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Баткенде 56 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду

15:29, 29 июня 2022, Бишкек - 24.kg
Баткенде 56 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
 
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-июнь күнү Баткен районунун Ак-Турпак айылынын 56 жаштагы Г.М. «Кожошкен» дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон.
 
«Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда Г.Мдин чечип койгон кийимдери менен анын кол телефонун көрүп, милицияга кабар берген», — дейт облустук Ички иштер башкармалыгы.
 
Өзбекстан республикасынын Фергана облусунун Риштан районунун милициясы менен биргеликте 29-июнь күнү эрте менен саат 7лер чамасында 56 жаштагы Г.Мдин жансыз денеси «Кожошкен» дарыясынан табылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.
 
Бирок маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Азыркы күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика