Доллардын курсу түшүп жаткан маалда Улуттук банк 17-июнда валюта рыногунан $51,4 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушуну менен өлкөнүн негизги банкы 2022-жылдын башынан тартып 11 интервенция жасады. Анын беш учурунда чет элдик валютаны сатып алган.
Улуттук банк 20-майга карата бир доллардын баасын 79 сом 50 тыйын деп бекитти. Коммерциялык банктар менен жеке менчик акча алмаштыруучу жайларда бир АКШ доллары 80-82 сом болууда.