15:28
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Алымкадыр Бейшеналиев боюнча түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерин иликтөө боюнча президент Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирип, комиссия кандай тыянакка келгени тууралуу маалымат берген эмес.

Комиссия COVID-19га каршы улуттук планды ишке ашыруу жана вакциналарды сатып алууну, былтыр чет өлкөдөн гуманитардык медициналык жардамдардын келишин иликтеген. Мындан тышкары министрликтеги иш кагаздардын жүргүзүлүшү, кадрларга байланышкан маселелер да териштирилгени айтылат.

«Баш мыйзамга ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык соту коррупцияга шек саналып бир айга камалган, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди 16-июнда үй камагына чыгарды.

Эң көп окулган жаңылыктар