17:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу кайрылуу жасады

Садыр Жапаров июнь окуясынын 12-жылдыгына карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлко башчысынын айтымында, эгемендикке ээ болгон 30 жыл ичинде тарыхтын оор сыноолорунан кыйгап өтүп кете алган жокпуз. Алардын бири — 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясы.

«Бул күн бизге кандуу калабаны эске салуу менен бирге, мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо милдетин эскертип турат! Эң оболу келечек муун үчүн кубаттуу жана өнүккөн Кыргызстанды куруу мойнубуздагы ыйык парз экенин сездирип турат! Өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет. Өлкөбүздө улуттук саясатты жүзөгө ашырууда абдан кылдаттык зарыл!» — деди Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар