22:37
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өзбекстандын Наманган шаары Бишкекке 500 миң гүл тартуулады

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн 61-эл аралык гүл фестивалына катышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын жыйынтыгында Бишкекке 500 миң гүл тартуулоо келишими түзүлдү. Гүлдөрдү борборго отургузуу үчүн 100 багбан келет.

Ошондой эле, Бишкек шаары менен Наманган шаарынын ортосунда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Документтин алкагында тараптар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармагында үзгүлтүксүз маалымат жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүп, өз ара кызматташат.

Маалымдама: Фестиваль Наманганда 1961-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Өзбекстандын гүл маданиятынын байлыгын чагылдырат. Меймандарга гүлдүн 60 миңден ашык түрү көрсөтүлдү. Фестивалга карата жалпысынан 300 түрдөгү 16 миллион гүл отургузулду. Ошондой эле меймандар ар кандай гүлдөр менен кооздолгон автоунаалардын парадына күбө болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар