12:45
USD 89.43
EUR 96.57
RUB 0.97

Ала-Тоо аянтына 190 миң гүл отургузулду

Ала-Тоо аянтына 190 миң гүл отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Көз жоосун алган кооздук «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жаралган.

Учурда гүлзарларда ачык күрөң тагетес, көк агератум, георгиндер, цинерария, бордо колеус, ак алиссум, кызыл сальвия жана башка гүлдөрдүн түрлөрү бар.

Ошондой эле 10 миң гүлдүн көчөтү гүлдөр уурдалып, сынып же куурап калган учур үчүн резервде сакталып турат.

Эң көп окулган жаңылыктар