Тажикстандагы бир катар Батыш өлкөлөрүнүн элчилери Тоолуу Бадахшан облусундагы адам өмүрүн алган кагылышууга жана ички чыңалууга терең тынчсыздануусун билдиришти.
Расмий маалыматтарга ылайык, жергиликтүү жашоочулар менен Хорогдогу өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан жана Рушан районундагы «антитеррордук операциядан» 10 киши өлүп, 27си жаракат алды. Набыт кеткендердин бири — аскер кызматкери. 70тен ашуун жергиликтүү тургун кармалды.
Душанбедеги Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү, Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШ элчилиги 18-майда бирдиктүү билдирүү жасап, тараптарды абалды тынчытуу үчүн бардык күчтү жумшоого, сабырдуулук көрсөтүп, күч жана кыйноо колдонбоого чакырды.
«Биз тажик өкмөтүн укук коргоо органдарынын мыйзам чегинде иш алып баруусун, коопсуздукка байланыштуу кризистик учурларда да адамдын негизги укуктарын жана эркиндигин камсыздоого чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Тажикстандын бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

