Нарын облусунун Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 4 адам (1999-ж.т. М уулу К. -эркек, 1950-ж.т. И.К -аял, 2 кыз –2009-ж.т. С.А., 2017-ж.т. С.А.) каза болуп, 2 эркек (1999-ж.т. М уулу Ы., 2006-ж.т. Д.Ө.) жабыркаган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.