Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары чек ара жолугушту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен генерал-лейтенант Абдусалом Азизов чек ара маселесин талкуулады.
Алар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.
«Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды», — дейт УКМК.
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 миң 378 чакырым. Анын 92 пайызы аныкталып, 85 пайызы боюнча келишимге кол коюлган.
Чек аранын көпчүлүк бөлүгүн тактоо чечимине 2017-жылы кол коюлган. Андан кийин Садыр Жапаров Ташкентте иш сапарында Шавкат Мирзиев менен чек аранын калган бөлүгүн 3 айда ырастоону макулдашкан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны калган бөлүгү боюнча протоколго кол койгон. Бирок, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун тургундарынын каршылыгынан кийин протоколду кайра карап чыгууну убадалаган.

