«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги жаркыраган шарлар менен инсталляцияны жана декоративдик оймо-чиймелерди жаңыртышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, металлдан 12 атайын тирөөчтөрдү жасашкан. Орнотуунун бекемдиги үчүн аба-ырайынын ар кандай шарттарына туруштук бере турган бетон пайдубалы орнотулган.
Мындан тышкары, кооздук тосмолору жаңыланып, электриктер 750 метр жаңы дюралиттерди орнотуп, металл оймо-чиймелеринин айланасына сары түс берүүчү жарыктар оролду.
Ошондой эле адистер жарык берүүчү шарларды жууп-тазалашты.

