Биринчи Май районунда мыйзамсыз тосмолор жана курулуштар менен күрөш уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтка ылайык, акимчиликтин кызматкерлери менен «Тазалык» муниципалдык ишканасы мыйзамсыз тосмолорду алууда.
«Кыргызалтын» ААКнын, «Сейтек» балдар жана жаштардын улуттук борборунун, Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун, Жибек-Жолу — Манас кесилишиндеги Ж.Баласагын атындагы КУУнун, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын, Арабаев атындагы университетинин, Ю. Абдрахманов көчөсү № 166, Ю.Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолор демонтаждалды.
Бул багыттагы иштер улантылат. Белгилей кетсек, буга чейин тосмолорду демонтаждоо боюнча билдирүүлөр жөнөтүлгөн.
Бизнес өкүлдөрүн жанаша жайгашкан аймактардагы тосмолорду ыктыярдуу түрдө алууга чакырат мэрия.