06:24
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 1 кишиден вирус аныкталды

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус дагы 1 адамдан аныкталды. Вирус жугузган адам Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 5 бейтап, амбулатордук түрдө 35 адам дарыланууда.

«Ал эми бир суткада 9 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 5, Чүй облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 360 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума