Садыр Жапаров Азербайжанга расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы «Ардак аллеяга» барып, Гейдар Алиевдин элесин анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен эскерди.
Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл коюу менен анын жаркын элесине таазим кылды.
Андан соң, Кыргызстан делегациясы ардактуу кароол тизилген «Шейиттер аллеясына» барышты. Садыр Жапаров Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскергенден кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

