Эл каттоо Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек менен Ош шаарында аяктады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Маалыматка караганда, 4-6-апрелде контролдук каттоо өтөт.
«Андыктан, каттоого өз учурунда кандайдыр бир себептерден улам алынбай калган үй-чарбалардын мүчөлөрү контролдук каттоо маалында каттоого алынат», — дейт статком.
Алыскы аймактардагы эл каттоо өнөктүгү ушул эле жылдын 23-апрелден 2-май аралыгында өткөрүлөт.