04:47
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Чүй районунун жана Токмок шаарынын жалпы элинин 15 пайызы каттоодон өттү

25-26-март күндөрү Чүй районунун жана Токмок шаарынын жалпы элинин 15 пайызы каттоодон өттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Азыркы учурда республикада мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чара — кезектеги 2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктар жүрүп жатат.

«Ушул жылдын 25-мартында эртең мененки 8:00дө Чүй облусуна караштуу Чүй районунда жана Токмок шаарында каттоо иш кагаздарын жана уюштуруу-технологиялык жактан камсыздоону апробациядан өткөрүү максатында, Улуттук статистикалык комитети тарабынан пилоттук (сынамык) каттоосу башталган», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар