Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иш күнүн эл каттоо анкетасын толтуруу менен баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Эл каттоочу смартфондогу атайын тиркеменин жардамы менен мэрдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана турак-жай фондусунун маалыматтарын тактады.
Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын эл каттоого активдүү катышууга чакырып, масштабдуу иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.