Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тарабынан Украинанын аймагынан чыгууну каалаган КРнын жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыгууда. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, Украинада 1 миң 357 кыргыз жараны бар. Алардын ичинен 680 жаран консулдукта каттоодо турат. 300дөн ашуун жаран Украинадан чыгып кетүү боюнча калоосун билдирди.
«Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мекендештерди элчиликтин Киев шаарындагы имаратына топтоп жатабыз. Коопсуз жайда жайгашкандарды үйдө чыкпай олтурууга чакырабыз», — дейт ТИМ.
Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» группасы ;
КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти
+996 551 312 000 — түз байланыш номери;
+996 703 428 865
+996 709 983 465
++996 554 065 215.

