21:29
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Акылбек Жапаров Казакстан президенти менен жолукту

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары — өкмөт башчылар менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга үстүбүздөгү жылы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине төрагалык кылган Акылбек Жапаров катышты.

Жыйындын катышуучулары евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү, талаш маселелерди четтетүү, кооперацияны күчтөндүрүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн пандемиядан кийинки мезгилдеги экономикасын калыбына келтирүү зарылдыгы маселесин кеңири талкуулады.

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга үстүбүздөгү жылы Биримдик органдарында ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.

Белгилесек, быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар