22:26
USD 87.45
EUR 100.09
RUB 1.10

Белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев каза болду

Белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев 44 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясы кабарлады.

Канатбек Сыдыгалиев 1978-жылы 18-январда Талас районунун Арал айылында туулган.

Ал 1999- 2000-жылдары кикбоксинг боюнча Евразиянын чемпиону болуп, 2000-жылы Европа чемпионатынын коло байгесин алган. 1999 жана 2001-жылдары Дүйнө чемпиондугунда күмүш, 2003-жылы коло медал алган. 2003-жылкы профессионалдар арасында Европа чемпиону болгон.

Сыдыгалиев Germes Profee клубунун курамы менен бир катар беттештерге чыгып, жеңишке жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар