03:57
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Баткен. Чек арадагы айыл тургундарына психологдор жардам көрсөтөт

Чек арадагы айылдагы айыл тургундарына психологдор жардам көрсөтөт. Бул тууралуу облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев билдирди.

Облус жетекчиси Ак-Татыр, Аксай, Самаркандек, Таш-Тумшук, Көк-Терек айыл аймактарынын эли менен жолукту.

«Жолугушууда чек ара аймактарынын жашоочулары өздөрүнүн социалдык -экономикалык көйгөйлөрү менен кайрылышып, маселелерди чечип берүү жагын суранышты. Таш-Тумшук айылында жарыктандыруу көйгөйү бар экен. Бул маселе боюнча мен тиешелүү тармактын кызматкерлерине тапшырма бердим. Буюрса эртең энергетиктер барып, аталган айылдын жарыктандыруу маселесин карап чечип беришет.
Ал эми Көк-Терек айылына барган кезде ал жердеги мектеп окуучуларынын мектепке барып келүүсүндө транспорттук каттамдын жоктугу көйгөй жаратканын айтып кайрылышты. Мен бул маселени да сөзсүз эске алып, келечек ээлери үчүн транспорттук каттамды уюштуруп беремин», — дейт ал.

Ошондой эле чек ара аймактарынын жашоочулары үчүн буюрса эртең атайын психологдор барып акысыз консултация беришет.

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар