Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, шаардагы көчөлөрдүн биринде күйөөсү токмоктоп жаткан келин тууралуу 30-январда түнкү саат 11:00 чамасында кайрылуу түшкөн.
Окуя болгон жерге барганда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тарткан. Учурда милиция бул окуяны териштирип, иликтөө уланып жатканын билдирди.

