Борбор калаада «Элкуб» компаниясынын Кыргызстандагы биринчи электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар тармагынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Эми электромобилдердин ээлери төмөнкү даректердеги станциялардан «кубат» ала алышат:
- «Томми Молл» соода борбору;
- «Азия Молл» соода борбору;
- «Ала-Арча» соода борбору;
- Фрунзе «Технопарк» гипермаркети;
- Фрунзе «ТЭЦ» гипермаркети;
- Фрунзедеги «Жал» гипермаркети;
- Глобус «ТЭЦ» гипермаркети;
- Лев Толстой көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;
- Медеров көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;
- «Интермедиа» бизнес борбору.
Ачылышка Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери да катышып, борбор калаадагы экологияны сактоо демилгеси үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

