Кыргызстан Абу-Даби шаарына учкучсуз учактар менен кол салууну айыптайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрлик кол салууну террордук акт катары белгилейт.
«Абу-Даби шаарынын жарандык жана өнөр-жай объектилерине, эл арасында курмандыктарга алып келген, учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу менен кол салууларды айыптайт. Бул аракеттерди аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган террордук акт катары баалайт», — дейт ТИМ.
Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө жана элине колдоосун билдирген.

