05:43
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

COVID-19. Төртүнчү толкун март айына чейин жүрөт

Коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкуну март айына чейин жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, омикрон штаммы өлкөгө кеңири таркады.

«Эмки аптада ооруканага жаткарылгандардын саны көбөйүшү күтүлөт. Вирустун жаңы толкуну март айына чейин болот», — дейт ал.

Эдил Байсалов омикрон көпчүлүк учурда жеңил өтөрүн белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар