Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында орун алган жаңы гемодиализ борбору менен таанышты.
Мамлекет башчысы гемодиализ борборунун ишмердүүлүгү, ал жерде түзүлгөн шарттар менен таанышып, медициналык жайларды жана палаталарды карап чыкты.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны жыл сайын өсүп, мурда сатылып алынган аппараттар эскирип калган.
Жеке компаниялардын бири тарабынан салынган Каракол шаарындагы жаңы гемодиализ борбору 70ке чейин адамды тейлей алат.
Кошумчалай кетсек, мындай диализ борборлорунун, республиканын аймактарында ачылышы калктын өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатат.
Садыр Жапаров оорукананын жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады.
Мамлекет башчысы келерки жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландары тууралуу айтып берди, бул ата мекендик медицинанын кадрдык потенциалына да оң таасирин тийгизиши керек.
Садыр Жапаров Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын муктаждыктары үчүн тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Алар гемодиализ борборунун бейтаптарын дагы тейлейт.
Жалпысынан мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо тармагына аймактык ооруканалар үчүн сегиз тез жардам унаасын белекке берди.