13:59
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Казат Акматов атындагы сыйлык италиялык жазуучу Инна Чайкага ыйгарылды

Өзбекстанда Open Eurasian Literary Festival & Book Forum фестивалы өттү.

Евразиялык чыгармачылык гилдиясы тарабынан уюштурулган фестиваль 15 өлкөнүн акын-жазуучуларын бириктирет. Иш-чарада «Ачык Евразия» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык ыйгарылды.

Анда кыргыз жазуучусу Казат Акматовдун 80 жылдыгына карата сыйлык ыйгарылып, аны Италия өлкөсүнүн тургуну Инна Чайка алды. Ага Англияда китеп басып чыгарууга 3 миң доллар грант берилди.

Казат Акматовдун атындагы сыйлык анын фонду тарабынан уюштурулган.

Эң көп окулган жаңылыктар