22:29
USD 86.96
EUR 91.03
RUB 0.84

COVID-19га каршы 1 миллион 190 миң адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда 1 миллион 190 миң 942 жаран коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн суткада 9 миң 197 адам эмдөөдөн өттү.

Жалпысынан 978 миң 400 адам экинчи дозаны алышты.

Белгилей кетсек, COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70 пайыздан кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт.

Учурда Pfizer, Sinopharm, SinoVac, QazVac, «Спутник Лайт» менен эмдөө жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар