USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун таймашы талкууланды

14:15, 15 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудовдун Россиянын спортчусу, олимпиаданын эки жолку жеңүүчүсү Роман Власовдун күрөшү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу kyrgyzstan_wrestling Instagram баракчасында маалымдады.

Москва шаарында Күрөш федерациясынын жетекчилери Мелиса Турганбаев менен Михаил Мамиашвили беттештин жолдорун талкуулашты.

Белгилей кетсек, Роман Власов Акжол Махмудовду беттешүүгө чакырган. Ал жеңилбей килемде өлүүгө даяр экенин билдирген.

Акжол Махмудов Роман Власовго сый менен мамиле кылаарын айтып, мындай чебер менен беттешүүдөн качпастыгын айткан.

Учурда күрөштүн күнү жана кайсы жерде өтөрү такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика