USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Акжол Махмудов Роман Власовдун тең таймашка чакыруусун кабыл алды

10:26, 08 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов россиялык Олимпиада чемпиону Роман Власовдун чакырыгын кабыл алды. Бул тууралуу Власов өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин Власов Instagram тармагындагы түз эфир учурунда күрөш сүйүүчүлөрү андан Акжол Махмудов менен беттеши тууралуу көп сурашарын айткан. Ал катардагы мелдештерде кез келип калары мүмкүн экенин, бирок көпчүлүктүн каалоосу боюнча аны атайын уюштуруу керектигин белгилеген.

Кечирээк россиялык спортчу кыргыз балбаны менен видеомаек аркылуу байланышканын сүрөт кылып чыгарган.

«Сенин жок деп баш тартпай турганыңды мен билгем. Килемдин арстандары чакырыктарды ар дайым кабыл алат. Жакынкы убакта биз бул ниеттерди ишке ашырабыз. Мен килем үстүндө өлсөм да жеңишти бербейм», — деп жазган Власов.

Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов беттеш жазында шоу-мелдеште болорун тастыктады.

Эскерте кетсек, эки спортчу тең эң күчтүү атаандаштык бар делген 77 килограмм салмактын балбандары.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика