20:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте жаңы гүлзар ачылды

Борбор калаада Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан жаңы сейил бак курулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Кичи эс алуу аймагы турак-жай имараттарынын жана коомдук мекемелердин жанында жайгашкан. Ыңгайлуу жайгашкандыктан, шаардыктар эс алуу убактысын үйдүн жанында өткөрө алышат, ал эми балдарга аянтчада ойногонго шарт түзүлөт.

Паркта отургучтар, көптөгөн турниктер жана машыгуу жабдуулары бар жана айланасы тосмо менен тосулган.

Эске сала кетсек, буга чейин бул жерде мыйзамсыз күркөлөр болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар